• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 40 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 40 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

"Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын бузган 40 жаран кармалды. Алардын ичинен 37си эркек жана үчөө аял киши. Өзгөчө абал киргенден бери – 25-марттан 13-апрелге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузган 1 миң 828 жаран кармалган. Алардын ичинен 1 миң 588и эркек жана 240ы аял киши. Алардын ичинде 15 өспүрүм жана 54 чет өлкөлүк жаран бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий