• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалган

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, кармалгандардын 41и эркек жана экөө аял киши.

"Бишкекте 25-марттан 15-апрелге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузган жалпы 1 миң 863 адам кармалды. Алардын ичинен 1 миң 622си эркек жана 241и аял. Алардын ичинде 13 жашы жете элек жана 50 чет өлкөлүк жаран бар. Ошондой эле айып унаа токтотуучу жайга 156 автоунаа коюлган", - деп билдирет Бишкек шаарынын комендатурасы.

Пикир

Оставить комментарий