• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды

Коом 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 50сү эркек, 7си аял киши.

"Борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык саатты бузган 2 миң 654 жаран кармалган. Алардын ичинен 2 миң 296си эркек, 358и аял", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий