• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 66 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 66 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантурасынан билдиришти.

"Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 66 адам кармалды – 60 эркек, 6 аял. Алардын арасында 1 өспүрүм жана 1 чет өлкөлүк жаран бар", - деп айтылат маалыматта.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий