• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын ишин контролдоо боюнча чаралар күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин контролдоо боюнча чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрдан тартып эпидемиологиялык чыңалган абалга байланыштуу райондук акимиаттардын башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде кафе жана ресторандардын ишин контролдоо боюнча иштерди күчөтүшкөн.

Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда, КР Бузуулар жөнүндө Кодекстин 150 жана 293-статьялары боюнча айып салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган жоруктардын/кылмыштардын фактылары белгилүү болгондо КР Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык иш-чаралар өткөрүлөт.

"Биринчи мыйзам бузуу - айып жана эскертүү, экинчи жолкусунда ошондой эле айып салынат жана кылмыш иши козголот, - деп айтылат билдирүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар өзгөчө буйрутма берүү чыгарылганга чейин, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык жагдай жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардык тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий