• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарында KOPIA агенттигинин борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-августунда Ж. Баласагын атындагы Кырыз улуттук университетинин ботаникалык бакчасынын базасында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы Корей эл аралык айыл чарба программасынын (KOPIA) ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Аскарбек Жаныбеков Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ, KOPIA агенттигинин Айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын (RDA) вице-администратору Ким Духо жетектеген Кореялык делегация жана Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков катышты.

KOPIA агенттигинин негизги максаты - айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча практиктерди даярдоо, жаңы технологияларды киргизүү менен чакан дыйкан чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, илимий изилдөө жүргүзүү, учурдагы жана келечектеги кадрларды даярдоо, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий