• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны эң жогору бойдон калууда – вице-мэр

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны эң жогору бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны жогору бойдон калууда. Бишкек шаарында 1 миллиондон ашуун адам жашайт, бирок шаардын аймагы кичинекей болгондуктан калк жыш жайгашкан. “Учурда Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт. Алардын ичинен 34 учур чет жактан келгендерден тастыкталса, ал эми 197 учур жергиликтүү адамдардан аныкталган. Бүгүнкү күндө байланышта болгондордун ичинен 194 адамга медициналык байкоо жүргүзүлүүдө. 231 коронавирус аныкталган адамдын ичинен 190 жаран Бишкекте, алардын 69у калктуу конуштарда жашайт, ал эми 41 жаран башка аймактардын тургундары”, - деп кошумчалады ал.

Вице-мэр баса белгилегендей, статистика боюнча коронавирус жуктургандардын көбү - 82 адам Бишкек шаарынын Ленин районунда жашайт, ал эми Октябрь районунда - 45 адам, Биринчи май районунда – 41, Свердлов районунда – 21 адам.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий