• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында медицина кызматкерлерин ташууга 27 кичи автобус бөлүнгөн – мэр

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында медицина кызматкерлерин ташууга 27 кичи автобус бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, шаардык милиция кызматкерлерине жеке унаа ишканаларынан 12 кичи автобус жана күндүзгү маалга 20 даана кичи автобус колдонууга берилген.

"18-марттан бери 184 шаар көчөсү, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштери дезинфекцияланды. Обсервация катары колдонулган мейманканалар жана жугуштуу оорулар ооруканаларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Дезинфекциялоо иштерине 76 кызматкер, 24 атайын техника тартылган. Ал иштерге 19 тонна хлор коротулду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий