• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев көчөсү №88 дарегиндеги «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик мекемесинин жана Раззаков көчөсү №62 дарегиндеги №3 кесиптик лицейдин тосмолору өз ыктыяры менен алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Патрис Лумумба көчөсү №161 дарегиндеги жана №10 кичирайондогу күркөлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин тосмолору демонтаждалды.

Белгилей кетсек, күн сайын инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун билдирет:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий