• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында мыйзамсыз объектилер алынууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Балбан-Таймаш” жаңы конушунда муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алуу токтотулду.

7- кичирайонунда Орто-Сай базарынын жанында күркө демонтаждалды, ошол эле жерде эки чатырча алынды.

"Түшүндүрүү иштеринин натыйжалуулугу бир нече жолу белгиленген. Ошентип, башкармалыктын адиси 4-кичирайонунда жыйынтык чыгарууга жетишти жана куймак сатуучу эки жеңил типтеги объект өз ыктыяры менен алынды", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы өзүм билемдик менен орнотулган объекттилерди өз ыктыяры менен алууну суранат. Эгерде талаптар аткарылбаса тийиштүү чараларды колдонго аргасыз болот.

Мыйзамсыз объекттилер боюнча кайрылууларды жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын социалдык тармактардагы баракчаларына жиберүүгө болот:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg

Пикир

Оставить комментарий