• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында сасык тумоого каршы акысыз вакцина кимдерге жасалат? Жооп

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору россиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы “Гриппол плюс” вакцинасын алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Курч респиратордук вирустук ооруларга каршы вакцинациялоо жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине, балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз жасалат.

Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот.

Андан сырткары, вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: "Малыш", "Гиппократ", "Эдельвейс", "Элкрит", "Кроха", "Поликлиника 312", ЦАДМИР, "Интермедикал".

Пикир

Оставить комментарий