• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарында сегиз ай ичинде 1 миң 316 жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын сегиз ай ичинде Бишкек шаары боюнча 1 миң 316 жол кырсыгы катталып, 1 миң 700гө жакын жаран ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга азайган.

"Бирок ошого карабастан айрым жол эрежелерин так сактабаган айдоочулар тарабынан акыркы күндөрү жол транспорт кырсыктары катталган учурлар байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жалпы айдоочуларга төмөндөгү эрежелерди так сактоого чакырат:

- Жолдо жүрүү учурунда жалгыз сиздин гана унааңыз эмес, башка дагы жол кыймылынын катышуучулары бар экендигин эске алып, дайыма ылдамдыкты көрсөтүлгөн чектен ашырбай айдоону унутпаңыз.

- Эгерде зарылдыгы келип чыкпаса ашып өтүүгө шашылбай, карама-каршы тилкеге чыкпастан, астыңыздагы унаа менен сиздин унааңыздын аралыгын так сактоо менен өзүңүздүн багытыңыздагы тилкеден чыкпоого аракет кылыңыз.

- Унааны башкарып жатып, жөө адамдар өтүүчү жайлардан же өтмөктөрдөн өтүүдө жолдун ачыктыгын байкап, жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жиберүү менен бурулууну улантыңыз.

- Андан сырткары, унааңыздын техникалык абалына көз салып, жөнөкөй алдыңкы жана арткы жарык берүүчү каражаттарына көңүл буруп, астыңкы терезенин арчыгыч жана жөнөкөй коопсуздук курлары сыяктуу майда барат жабдыктарына көңүл буруп туруңуз. Анткени жетишпеген же иштебеген майда тетиктерден чоң жол кырсыгы келип чыгуусу ыктымал.

- Эң негизгиси автоунаа башкарууда спирт ичимдиктерин жана баңгизаттык каражаттарды колдонбоңуз. Бул нерселер сиздин жана башка жарандардын коопсуздугунан сырткары артында чоң жоопкерчиликтүү жазасы бар экендигин унутпаңыз.

"Бүгүнкү күндө Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында шаар тургундарына жана жалпы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жургүзүү менен бирдикте ар кандай рейддерди жүргүзүп келет. Андыктан өзүңүздүн жан жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн жол эрежесин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий