• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында шайлоо штабынын кезектеги жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Борбор калаанын муниципалитетинде 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууну Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов алып барышты.

Штабдын ишине борбор калаанын вице-мэрлери, район башчылары, Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.Тюкебаев, БШКнын БТИКтеги атайын өкүлү К.Мадалиев жана Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссияларынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча кайра карап чыгуу иштери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында район башчыларына МАБтын башчылары, Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын директорлору менен 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоого кийлигишүүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Бекитилген кызматтар менен биргеликте күйүүчү-майлоочу май менен толтурулган генераторлорду шайлоо участкаларынын жайларына туташтыруу графигин түзүү, бекитүү милдетендирилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба субъекттеринин жетекчилери участкалык шайлоо комиссияларын керектүү унаа менен камсыз кылышат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева шайлоочуларга шайлоо күнү шайлоо участкаларында температураны жана антисептик каражаттары менен камсыздоону, дене табын өлчөө боюнча кызматкерлердин тизмесин бекитүүсү зарыл.

Акимдерге, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына жана ишкердик субъектилерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоого кийлигишпөө жөнүндө дагы бир жолу эскертүү берилди. Шайлоо административдик ресурстарсыз, ошондой эле жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен ачык-айкын өткөрүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий