• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте шахмат боюнча “Өмүр үчүн оюн” аттуу кайрымдуулук турнири өттү

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бишкек шаардык “Диалог” маданият үйүндө шахмат сүйүүчүлөрү арасында “Өмүр үчүн оюн” аттуу шахмат боюнча кайрымдуулук турнири болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара “Help The Children-SKD” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан КР Шахмат федерациясы менен биргеликте жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Турнирдин максаты - балдардын онкологиясы маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүү үчүн каражат чогултуу болуп саналат.

Турнирге катышууга эл аралык рейтинги бар 2000 ELO (стандарттык, рапид жана блиц) деңгээлинен жогору эмес, бардык шахмат сүйүчүүлөрү чакырылган.

Жеңүүчүлөргө “Help The Children-SKD” кайрымдуулук фондунун медалдары, ошондой эле дипломдор жана белек сертификаттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий