• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарында шахмат боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Шаардык “Диалог” маданият үйүндө борбордук мектеп окуучуларынын лигасынын алкагында шахмат боюнча турнир болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке өткөн жылдын күзүндө ар бир райондон тандалып алынган 15 команда катышып, финалга ар бир райондон 4 команда чыкты.

Турнир командалык-швейцариялык система боюнча өттү.

Бул система 1895-жылы Цюрихте (Швейцария) өткөн шахмат турниринде колдонулган, ал өз атын ошол жерден алган. Турнир четтеп калуусу жок өткөрүлөт, ар бир раундда экинчиден баштап бирдей сандагы упайга ээ болгон катышуучулар бири-бири менен беттеше тургандай түгөйлөр тандалып алынат. Ушундан улам, күчтүүлүгү боюнча ачык айырмаланган атаандаштардын ортосундагы оюндар турнирден чыгарылып салынат, бул катышуучулардын көп саны менен айланма системага салыштырмалуу аз сандагы раунддар менен жеңүүчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.

Мелдеш мектеп жашындагы балдар жана кыздар арасында шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү, шахмат мектептеринин арасында тажрыйба алмашуу, шаардын эң күчтүү жаштар командасын аныктоо жана шахмат боюнча командалык мелдештердин системасын иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.

Мектеп лигасы-2022нин финалына 3 мектеп чыкты:

1. №61 АФММЛ;
2. №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
3. №38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Пикир

Оставить комментарий