• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында SPA-борбор, сауна жана мончолордун иштөөсүнө уруксат берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 29-майдан тарта SPA-борбор, сауна жана коомдук мончолордун иштөөсүнө уруксат берилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, 29-майдан тарта Гагарин көчөсүндөгү №5 муниципалдык мончо да иштеп баштайт.

Ишин жанданткан SPA-борбор, сауна жана коомдук мончолордо санитардык-гигиеналык талаптар жана эрежелер аткарылышы керек. Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, администрация жана кызматкерлер беткап, колкап кийип иштеши керек. Ошондой эле кардарлар үчүн санитайзер, антисептиктер болушу керек. Адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралык сакталышы зарыл.

"Урматтуу шаар тургундары, өзүңүздүн ден соолугуңуздун сактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болууга, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууга, коомдук жайларда колкап, беткап тагынууга чакырабыз. Ар бирибиздин жоопкерчиликтүү мамилебиз коронавирустун жайылышын алдын алат", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий