• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында Спорт фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында Спорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль Ден соолук сейил багында үстүбүздөгү жылдын 23-октябрда саат 15:00дө башталмакчы.

Спорт фестивалы - бул Бишкек шаарында өткөрүлгөн балдардын спорттук фестивалы. Программада Бишкектеги спорт мектептеринин көрсөтмөлөрү, спорттук мектептердин машыктыруучуларынын, олимпиадалык жеңүүчүлөрүнүн, Дүйнө чемпиондорунун, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн мастер -класстары камтылган.

Фестиваль ар кандай курактагы балдарга, өспүрүмдөргө, алардын ата-энелерине спорттун түрлөрү менен таанышууга, спорттук жабдууларды үйрөнүүгө жана акыры өздөрү үчүн спортту тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Тажрыйбалуу машыктыруучулар физикалык даярдыгыңызды баалоого жардам беришет, ал эми Олимпиадачылар, Дүйнөлүк, Азия оюндарынын чемпиондору медалга болгон жолу тууралуу айтып беришет.

Фестивалды борбор калаанын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен КР президентинин "Жеке адамдын руханий жана адеп -ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Иш-чара аба ырайына байланыштуу 23-октябрга жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий