• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында студенттер 115 жетим балага жагымдуу маанай тартуулады

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. “Локомотив” спорт комплексинде өткөн кайрымдуулук иш-чаранын жүрүшүндө аттарын атабаган Бишкек шаарынын студенттери 115 жетим балага суусундук, сендвич жана витаминдерди акысыз таратышты. Ошондой эле балдарды ташып келген 4 микроавтобустун ижара акысын төлөп беришти. Бул тууралуу Кыргыз Темир жолу ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында мындай демилгенин башкы максаты - жардамга муктаж болуп турган балдарга кайрымдуулук кылуу, аларды колдоо жана алардын маанайын көтөрүү болуп эсептелет.

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана майып балдар үчүн дайым колдоо көргөзүп келет. Бүгүн да “Локомотив” спорт комплексинде кайрымдуулук иш-чара өттү. Ишканага Военно-Антоновка айылында жайгашкан Балдар үйүнөн атайын кат келип түшкөн. Анда колдоого муктаж балдарга муз тебүүгө уруксат берүү боюнча өтүнүч жазылган. Темир жолдун жетекчилиги катты карап чыгып, атайын токтом менен акысыз муз тебүүгө уруксат берди. Эми минтип аталган балдар үйүнөн колдоого муктаж болгон 115 бала акысыз муз тээп, көңүл ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилиги “Кыргыз темир жолу” ишканасына “Ыраазычылык катын” тапшырды. Ошентип, “Локомотив” муз аянтында 2 ай ичинде жалпысынан 1200гө жакын балдар акысыз муз тебишти. Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мындай кайрымдуулук иш-чараларын мындан ары да өткөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий