• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында сугат иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында сугат иштери уланууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Таттыбүбү Турсунбаева, Тоголок Молдо, Өкмөттүк гүлбакчалар, Шопен, Профсоюз , Жукеев-Пудовкин, Абдымомунов, Манас/Бөкөнбаев, Каралаев, Абдрахманов, Сүйоркулов, 7-Апрель, Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүндөгү бак-дарактар, көк майсан сугарылды.

Сугат иштерден тышкары чөп чабуу иштери Масалиев, Анкара жана Сухэ-Батор көчөлөрүндө жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Байтик Баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги гүлзарларды отолууда. Мындан тышкары, “Кызыл Аскер” каналы кол менен тазаланып, Л.Толстой көчөсүндөгү жабык дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий