• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында сугат иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарында сугат иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Быйылкы жылы кыртышта нымды мүмкүн болушунча сактап калуу үчүн өсүмдүктөрдү сугаруу эрте башталды, бул ысык аба ырайында көчөттөрдүн абалына жакшы таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

Борбор калаанын сейил бактарына быйылкы жылдын биринчи арык суусу "Жогорку транзит" жана "Белек" каналдарынан алынды. Ал Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына, Ата-Түрк, Ынтымак парктарына секундасына 500 литрден келүүдө.

Сугаруу - өсүмдүккө кам көрүүнүн негизги элементтеринин бири. Кургакчылыкка эң чыдамдуу түрлөрдү тандоо менен да, сугаруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий