• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 235и медицина кызматкери. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий