• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында түн тынч өттү – милиция

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бишкекте 12-октябрга карата абал тынч. Шаардын коопсуздугу күнү-түнү куралдуу күчтөр, ички иштер органдары жана элдик кошуундар тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Эртең мененки саат 05:00дөн баштап унаалардын жана жарандардын кыймылы кадимки режимде жүрөт. Мамлекеттик мекемелер жана ишкердик объектилер толук кандуу иштей беришет.

"Бишкекте түн тынч өттү. Кырдаалды дестабилдештирүү фактылары жана провокациянын мүмкүн болгон көрүнүштөрү катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий