• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында триатлон мектеби ачылат

Спорт 0

Бишкек, 14-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкек шаарында триатлон мектеби ачылат. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча атамекендик федерациядан билдиришти.

Мектептин расмий ачылышы 18-июнда өтөт. Белгиленгендей, иш чарада Word Class спорттук клубу менен биргеликте “Триатлон мектеби” долбоорунун бет ачары болот.

“Ушул жуманын жекшемби күнү биздин мектеп тууралуу кененирээк маалымат алуу учун чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бет ачар аземине аталган долбоордун өкүлдөрү жана машыктыруучу курам да катышат. Эми эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерге даярдык дал ушул клубда өтөт”, -деп белгилешти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий