• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча репетиция болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Бүгүн, 7-майда, Бишкек шаарында 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча репетиция болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, ошондой эле өлкөнүн министрлик жана ведомстволорунун жооптуу өкүлдөрү катышты.

Программага ылайык, Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен митинг-реквием жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин маршы коштогон майрамдык иш-чаралар 9-майда Жеңиш аянтында өтөт. Ушул эле күнү «Өлбөс полк» акциясы өтөт, анын катышуучулары күндүн биринчи жарымында Түштүк магистралынан Байтик Баатыр/Ахунбаев көчөсү аркылуу Жеңиш аянтына чейин барат.

Даярдыктын жүрүшүндө Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча жумушчу топ «Өлбөс полк» акциясына даярдыктын жүрүшү жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар менен таанышты.

Белгилей кетчү нерсе, коопсуздукту камсыздоо максатында укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан «Өлбөс полк» акциясына катышууну каалаган жарандарды жардыргыч заттарга жана башка предметтерге карата тышкы текшерүү жүргүзүлөт. Муну эске алуу менен кабыл алынып жаткан коопсуздук чараларына карата түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий