• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында “Жаш манасчы” сынагы болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз улуттук “Манас” театрында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата 3 жаштан 11 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында “Жаш манасчы” шаардык сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакта катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтуу чеберчилиги бааланды.

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан: Туратбеков Талгат баш байгеге , Жакипова Айым 1-орунга, Шерипбекова Алия 2-орунга, Карыбекова Алия 3-орунга, Асылбеков Жумадил 4-орунга, Исмаилов Санжар 5-орунга ээ болуп, жакшы даярдыктарын көрсөтүштү. Ошондой эле №№5, 37, 49, 75, 152, 181, 182 балдар бакчаларынын жаш манасчылары сынакка жигердүү катышты.

Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынан: Кайыпкулов Муслим баш байгеге, Аманиллаев Салахидин 1-орунга, Жайлообаева Азема 2-орунга, Суранбаев Кантөрө 3-орунга, Бакытова Инфира 4-орунга ), Нурметова Нигина 5-орунга татыктуу болушту жана №№ 26, 51, 52, 61, 66, 86 мектептердин окуучулары сынакка жигердүү катышып, жаш манасчылар таймашы кызыктуу өттү", - айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөлөрү - манасчылар Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Замир Баялиев, Нурбек Талантбеков, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова жаш манасчыларды Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Таймаштын бардык катышуучуларына сыйлыктар тапшырылып, аларды даярдаган мугалимдерине ыраазычылык каттар берилди.

Белгилей кетсек, шаардык сынак “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Манас” эпосу жөнүндө” КР мыйзамдарын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий