• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында "Жашыл шаар" долбоору боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкекте шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүдөгү артыкчылыктуу маселелер боюнча семинар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, семинар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Жашыл шаар" иш-аракеттер планы" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылат жана Япония өкмөтү тарабынан каржыланат.

"Эл аралык консультанттар тобу муниципалитет жана ЕРӨБ менен тыгыз кызматташтыкта шаардын учурдагы экологиялык абалына баа беришти. Баалоо суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, абанын, кыртыштын жана башка шаардык активдердин сапаты, шаардык транспорт, энергияны керектөө, имараттардын энергиялык натыйжалуулугу, катуу калдыктар, жерди пайдалануу жана башка секторлор боюнча "Жашыл шаар" иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча ЕРӨБ/ЭКӨУ (Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму) методологиясына ылайык чогултулган көрсөткүчтөрдү талдоого негизделген", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, иш-чаранын максаты - мамлекеттик органдарга жана коомчулукка жүргүзүлгөн баалоонун алдын ала жыйынтыктарын берүү жана иш-аракеттер планын андан ары иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан артыкчылыктарды макулдашуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий