• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарында жол чийиндери жаӊыртылууда

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол чийиндерин жаӊыртууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, “Аламүдүн-1” кичирайонундагы №4, №4/4 үйүнүн маӊдайында эки жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр ысык пластик менен жаӊыртылды. Чүй простпектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жана Абдрахманов көчөсү менен Горький (түндүк тарабы) көчөсүнүн кесилишинде үзгүлтүксүз сызыктарды өчүрүү иштери башталды.

"Ошондой эле, аталган иштер Жибек-Жолу проспектисинин жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде уланат. Ысык пластик Ибраимов-Чүй жана Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги үзгүлтүксүз сызыктарга түшүрүлдү.

Эртең, Чүй-Шопоков, Ибраимов-Чүй жана Ибраимов-Киев (чыгыш, түштүк жана батыш тарап) көчөлөрүнүн кесилишиндеги сызыктар жаӊыланат.

Сыр менен жол чийиндер Каралаев, Кулатов, Элебаев, Куттубаев жана Сухе Батор көчөлөрүнө чийилет. Ошондой эле, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн төрт токтотуучу жай уюштурулган. Алар, Ала-Тоо аянтында, Биринчи май райондук администрациясында, ТИМдин жанында жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү №138 үйдүн маӊдайында жайгашкан. Ар бир токтотуучу жайдын өлчөмү 70 метрди түзөт. Бул токтотуучу жайлар тийиштүү чийиндер жана жол белгилери менен камсыздалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, жол чийиндерин жаӊылоо ишкананын планынын негизинде жүргүзүлүүдө. Ал эми жөө адамдар өтүүчү өтмөктү жаӊыдан чийүү, үзгүлтүксүз сызыктарды түшүрүү ишкана тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына караштуу жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн милициянын кайгуул кызматынын көрсөтмөсү менен гана аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий