• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

“Учурда Исакеев көчөсүндө жумуш кызуу жүрүп жатат. Ал жерде жолдун жана тротуардын бордюрларын орнотушууда, асфальт төшөөдөн мурун жолдун пайдубалын тегиздөө жана тыгыздоо иштерин жүргүзүшөт, ошондой эле тротуарларга асфальт төшөшөт.

Ал эми Армия көчөсүндө жолго асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Пишпек көчөсүндө алар жол тосмолорунун пайдубалын даярдап, тротуардын бордюрларын орнотулуп жатат. Леваневск көчөсүндө жол катмары төшөлүп, тротуарлар калган. Васильев көчөсүндө бордюрлардын пайдубалы даярдалып, тротуарлардын пайдубалын пландаштыруу иштери жүрүп жатат. Кахов көчөсүндө эски асфальт катмары сыйрылып, бордюрлар алынууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле учурда "Калыс-Ордо" конушуна ылдамдыкты азайтуу үчүн жол белгиси орнотулууда. №12 кичи районундагы стадиондун аймагында чуркоо тилкесин жана футбол аянтчасын пландаштыруу иштери жүрүп жатат. Элебесов көчөсүнүн жээгинде аялдамалар комплекси сырдалууда.

Пикир

Оставить комментарий