• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында жылуулук бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, бүгүн, 1-ноябрдан тарта Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан билдиришти.

"Бишкек жылуулук түйүндөрү" ААКсынан белгилешкендей, шаардагы баардык объекттерди жылуулукка кошуу бир нече күн созулат. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин жылуулук, карызы жок турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге берилет. Ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук акыркы болуп берилет.

Жылуулук келбесе же авария болгон учурда төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

Керектөөчүлөр колдоо борбору –(0312) 61-11-69 же 1980;
Борбордук райондун нөөмөт инженерлери – 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк районунун нөөмөт инженерлери –51-06-22, 21-74-06;
Диспетчердик кызмат – 56-85-58.

Пикир

Оставить комментарий