• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарындагы №5 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы №5 компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап, видеобайкоо жана өрт коопсуздугу системалары аракетке келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат.

Долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга бардык зарыл шарттары каралган, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик менен эмгек класстары, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылы башталган. Объекттин сметалык наркы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий