• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарындагы бардык поликлиникалар кадимки тартипте иштеп жатат – вице-мэр

Ден соолук 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы бардык поликлиникалар кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынан вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

"Бишкек шаарындагы бардык поликлиникалар кадимки тартипте иштеп жатат. Кабыл алуу санитардык-карантиндик эрежелерге ылайык жүргүзүлүүдө. Шаардын стационарлары шашылыш түрдө кайрылгандарды кабыл алууда", - деди ал.

Анын айтымында, 8-майдан тарта №6 шаардык клиникалык оорукана карантиндик тартипте иштеп жатат. Оорукана курч пневмониясы, өпкөсүнүн өнөкөт оорулары бар бейтаптарды кабыл алууда.

"16-майга карата №6 шаардык клиникалык ооруканага пневмония диагнозу менен 12 бейтап жаткырылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий