• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарындагы “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Эл аралык токой күнүнө карата Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагында көчөт отургузуу иш-чарасын уюштурду. Бул тууралу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, парктын аймагына 50 даана жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду, тактап айтканда, 35 даанасы ак чечектин жана 15 даанасы чынар теректин көчөттөрү.

Иш-чарага айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева жана башка бир топ жетекчилер катышты.

Пикир

Оставить комментарий