• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары залалсыздандырылууда

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда корановирус илдетин алдын алуу максатында түзүлгөн пландын негизинде, ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмү тарабынан 7 аскер кызматкери тартылып, борбор калаадагы Орто-Сай базарынын айланасын жана соода түйүндөрүндө жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы 4500 чарчы метр аянт залалсыздандырылды. Иш-чара уланууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий