• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарындагы санитардык нормаларды аткарбай айыппулга жыгылган мекемелердин тизмеги

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында санитардык нормаларды аткарбаган мекемелерге 1 млн 49 миң 500 сом айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Айыппул каралган мекемелер: Сулуулук салондору, чач-тарачтар – 194 миң сом өлчөмүнө 184 протокол;

Дүкөндөр – 124 миң сом өлчөмүнө 65 протокол;

Кафе – 281 миң сом өлчөмүнө 164 протокол;

Автоунаа жуучу жайлар – 14 миң сом өлчөмүнө 8 протокол;

АОЖ, желимдөө – 41 миң сом өлчөмүнө 29 протокол;

СБ жана кийим дүкөндөр – 61 миң сом өлчөмүнө 25 протокол;

АЗС – 26 миң сом өлчөмүнө 10 протокол;

Жеке такси кызматтар – 6 миң сом өлчөмүнө 6 протокол;

Балдардын кийимдери жана оюнчуктар дүкөндөрү – 4 миң сом өлчөмүнө 4 протокол;

Тамак-аш өнөр жайын өндүрүү – 52 миң 500 сом өлчөмүнө 18 протокол;

Косметика дүкөндөрү – 3 миң сом өлчөмүнө 3 протокол;

Базарлар жана курулуш материалдар дүкөндөрү – 67 миң сом өлчөмүнө 26 протокол;

Азык-түлүк базарлары – 55 миң сом өлчөмүнө 17 протокол;

Транспорт каражаттары – 64 миң сом өлчөмүнө 50 протокол;

Финансылык кызматтар – 14 миң сом өлчөмүнө 2 протокол;

Автоунаа шаймандары, тиричилик буюмдары жана эмеректер – 14 миң сом өлчөмүнө 20 протокол;

Мончолор – 2 миң сом өлчөмүнө 2 протокол;

Окуу курстары – 1 миң сом өлчөмүнө 1 протокол;

Коомдук дааратканалар – 6 миң сом өлчөмүнө 6 протокол;

Мектептер – 1 миң сом өлчөмүнө 1 протокол;

Компьютердик клубдар – 1 миң сом өлчөмүнө 1 протокол.

Пикир

Оставить комментарий