• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек шаарындагы ЖККУнун саммитинен фоторепортаж

Саясат 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунда (ЖККУ) төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-ноябрда, Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.

Уюмга мүчө мамлекеттеринин башчылары ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелердин кеңири спектрин чакан жана кеңири курамда талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын бул жылы Уюмдагы төрагалыгы жыйынтыкталды.

Төрагалык ийгиликтүү жана жемиштүү болгону, белгиленген приоритеттер жана пландар толук көлөмдө ишке ашырылганы белгиленди.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары боюнча Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалыкты кабыл алуусу менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады жана Россиянын төрагалыгы 1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө менен шайкеш келип калгандыгынын символикалуу болгонун баса белгиледи.

ЖККУнун Саммитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекет башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бишкек шаарындагы ЖККУ Саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучусу Валерий Семериков катышышты.

Пикир

Оставить комментарий