• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Кечээ, 29-апрель күнү Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди.

Эртең менен башталган иш-чаралар кечке чейин уланды.

Башкы иш-чара Ала-Тоо аянтында кечке маал өтүп, ал борбор калаанын симфониялык оркестри, бийчилер, ырчылардын концерти менен башталды.

Аны менен бирге шаар тургундарын шаар күнү менен президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, шаар мэри Азиз Суракматов, мурдагы калаа башчылары жана башкалар куттукташты.

Азиз Суракматов куттуктоо сөзүндө шаар тургундарына ден соолук, бакыт-таалай каалап өттү.

"Бишкек Кыргызстандын ар бир жараны үчүн өзгөчө, сүйүктүү шаар. Биздин борбор калаа ар тараптан өнүгө берерине ишенем. Барыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайм", - деди калаа башчысы.

Андан кийин Алмаз Кененбаев президент Сооронбай Жээнбеков жолдогон куттуктоосун окуп берди.

Расмий куттуктоолордон кийин кыргыз эстрадасынын ырчылары, ошондой эле конокко келген Ялла ансамблы менен ырчы Согдиананын катышуусу менен концерттик иш-чара улантылды.

Майрамдык кеченин соңунда фейерверктер атылды.

Андан кийин коомдук унаалар шаар тургундары менен конокторун белгиленген каттам боюнча акысыз ташыды.

Пикир

Оставить комментарий