• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын 144 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкек баатырдын эстелигинин алдында борбор калаанын 144 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин тарыхы бай экенине токтолду.

“Бишкек өлкөнүн негизги саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору болуп эсептелет. Ал ылдамдыкта өсүп-өнүгүүдө. Келечекте биргелешкен аракет менен шаарыбызды мындан да жакшыртабыз деп ишенем”, - деди ал.

Абдыкадыров ошондой эле шаар мэриясынын алдында бир катар милдеттер турарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 19:00дө “Ала-Тоо” аянтында борбор калаанын 144 жылдыгына карата майрамдык шоу-программа өтөт.

Пикир

Оставить комментарий