• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын абасы кайрадан текшерилди

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери кайрадан борбор калаанын айрым жерлеринин абасын дрон жана атайын аба өлчөөчү аппарат менен текшеришти.

Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, Гагарин-Некрасов, Бейшеналиева-Киев, Байтик Баатыр-Москва көчөлөрүнүн абасы текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү жерлерде абанын концентрациясынын деңгээли тийиштүү нормадан жогору болгон:

- Гагарин-Некрасов аймагында диоксид азот боюнча көрсөткүч нормадан 1,6 эсе жогору болгон. Ал эми, кирдин көрсөткүчү: РМ 2,5 - 2,9 эсе жогору, РМ10 - 2,0 эсе жогору жана чаң 1,3 эсе жогору болгон;

- Бейшеналиева-Киев көчөсүндө диоксид азот жана чаңдын көрсөткүчү нормадан ашкан эмес. Кирдин көрсөткүчү: РМ 2,5 - 1,6 эсе жогору, РМ 10 - 1,2 эсе жогору болгон;

- Байтик Баатыр-Москва көчөлөрүндө диоксид азот боюнча көрсөткүч нормадан1,08 эсе жогору, кирдин көрсөткүчү: РМ 2,5-1,1 эсе жогору болгон.

Пикир

Оставить комментарий