• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек шаарынын аймагында 120 пост коюлду - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 120 пост коюлду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Борбор калаанын периметри боюнча 41 чоң пост коюлган.

"Бишкек шаарынын аймагында 41 чоң жана 79 кичине блокпост коюлду", - деди ал.

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген жерлерде 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий