• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын аймагында залалсыздандыруу иш-чаралары уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында залалсыздандыруу иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адил Чаргынов билдирди.

​​“2020-жылдын 18-мартынан​ тарта бүгүнкү күнгө чейин 12 290 м2 имараттын ичи,​ 1 647 399 м2 имараттын сырты, 4 078 095 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 23 216 кг хлор, 100 литр суюк хлору сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий