• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. 24-26-октябрь аралыгында Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, газ берүү Пригородное айылынын Юбилейная көчөсүндө жайгашкан орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрдү кайрадан кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат. Ошентип, Мыскал, Чоң-Чүй каналы, Новая жана Республика көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ эки күнгө өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий