• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. 16-августтан 27-августка чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы жылытуу сезонуна карата газ бөлүштүрүүчү тармактарда чоң масштабдагы оңдоо жана профилактикалык жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Эмне себептен 10 күндөн ашык убакыт газ болбойт. Мындай масштабдуу жумуштар өткөрүлүп туруусу керек, анткени, жылытуу сезонунда газ бөлүштүрүүчү тармактарга болгон жүктөмдөр жогору болот. Ошого байланыштуу, жылытуу сезонунда авариялык өчүрүүлөр аз болушу үчүн жай мезгилинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Газдын сызылып чыгуусу аныкталган учурда оңдоо мөөнөтү 10 күн эмес, бир нече айга созулуп кетүүсү мүмкүн.

Кандай иштер аткарылат:

  • 27 газ кудугундагы сальник жылчыктагычын толтуруу жана аларды алмаштыруу;
  • Лермонтов-Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги орто басымдагы газ өткөргүчтүн жапкычтарын алмаштыруу;
  • Фрунзе, Лермонтов, Мичурин, Мамыркалиев көчөлөрүндөгү төрт арканы кайрадан монтаждоо;
  • Үч газды жөнгө салуучу шкаф пункттарын алмаштыруу.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  1. Курманжан Датка, Калинин, Чүй пр., ЧЧК кесилишкен аймагында;
  2. Чыгыш 5 кичи району;
  3. «Бакай-Ата» жаңы конушунун күн батыш тарабы;
  4. Бишкек ш. ЖЭБи (ТЭЦ);
  5. Восток жана Лебединовка айылдарында.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын - газ баллондорун жана электроплиткаларды колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий