• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт, - деп кабарлайт «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы.

Көгүлтүр отунун өчүрүлүшүнө шаардын четиндеги Көк-Жар айылын жаратылыш газына кошуу иштери себеп болгон.

Жаратылыш газы төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

22-ноябрдан 24-октябрга чейин Көк-Жар айылы, «Сары-Челек» турак комплекси, К.Баялинов, Кайыков, 7-апрель, Конур Осмон көчөлөрүнүн кесилишкен аймагындагы «Сейтек» жаңы конушу;

Мехлесхоз-1, Саякбай Каралаев, Мехлесхоз-3, Мехлесхоз-5 көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;

24-ноябрдан 26-ноябрга чейин Көк-Жар айылынын Куланов көч., «Солнечный» кичи районунда, Куйручук №1/1, 1/2, 1/3, 1/4 даректеринде.

«Газпром Кыргызстан» ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий