• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда эски газ өткөргүчтөгү сызылып чыккан газды токтотуу максатында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

- 18-апрелден 22-апрелге чейин төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында: Л.Толстой, М.Горький, Ж.Пудовкин, Ибраимов, Б.Баатыр; "Автомаш Радиатор" ЖЧКсы; Матросова 1а дарегинде жайгашкан "Алькони" ЖЧКсы; Матросова 1в дарегинде жайгашкан "Санкейп" ЖЧКсы; Ж.Пудовкин 41 дарегинде жайгашкан "Байтур" ЖЧКсы.

- 25-апрелден 29-апрелге чейин төмөнкү райондордо: №1 Мамлекеттик резиденциясында; Орто-Сай а.; Чон-Арык а.; Браво ж/ш; Ала-Арча-1, 2 ж/ш; Совмин ж/ш; Ынтымак ж/ш.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Биз жаратылыш газын колдонууда коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушун каалайбыз.

Пикир

Оставить комментарий