• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Проскурякова көчөсүндө жайгашкан 1971-жылы ишке берилген орто басымдагы газ өткөргүчтө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 6-июлдан 9-июлга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жумуштарды коопсуз жүргүзүү максатында орто басымдагы газ өткөргүчтөр өчүрүлмөкчү.

Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймак: Аламүдүн айылы, Чугуева, ЧКК, Чернышевский, Аламүдүн дарыясынын кесилишкен аймагы; «Куликовский» кондитердик үйү.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий