• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын Аламүдүн базарында эхинококкозду алдын-алуу боюнча эрежелерди сактоого чакырышты

Ден соолук 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бишкек шаарынын Аламүдүн базарында 2017-жылдын 17-майында эхинококкозду жана альвеококкозду алдын-алуу боюнча флеш-моб өткөрүлдү. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулукту эхинококкоз, альвеококкоз оорусун алдын-алуусун, анын кандай жол менен жугузуп алуу коркунучу бар, андан кантип коргонуу керек экендиги туурасында ишенимдүү маалыматтарды жеткирүү.

Бул иш-чара 2016-2020-жылдардагы эхинококкозго каршы күрөшүү боюнча стратегиялык планын ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун алкагында республиканын бардык аймактарында өткөзүлүп жатат. Эхинококкоз боюнча маалымат таратууда негизги өнөктөш болуп Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору саналат.

“Бишкек шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунун өкүлү Замзам Ибайдуллаева мындай флеш-моб Свердлов районунда биринчи ирет өткөзүлүп жаткандыгын белгиледи. Свердлов районунда эң чоң базар Аламүдүн болгондуктан ушул жакта өткөрүүнү ылайык көрдүк, дейт З.Ибайдуллаева. Флеш-мобго Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунан отуз бала катышып, базарда соода кылган сатуучулардын жана алуучулардын көңүлүн бурдуруп кыргыз улуттук бийин бийлешти. Өткөн жылы мындай акциялар Бишкек шаарынын башка чоң базарларында дагы өткөрүлгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чараны уюштурган Бишкек шаардык республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун филиалы, Свердлов районунун Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин адистери катышуучуларга эң башкысы өздүк гигиенаны сактоону балдарына үйрөтүп, эхинококкоз, альвеококкоз оорусу тууралуу маалымат берүү жана квартал сайын иттерге дегельминтизация өткөрүп туруу керек экендигин белгилешти.

Аламүдүн базарында көп жылдан бери эт сатып соода кылып келген Гүлнара Дүйшеналиева бүгүнкү иш-чара абдан жакшы өткөндүгүн белгилеп, башкысы эл үчүн керектүү маалымат алгандыгын билдирди. “Буга чейин эхинококкоз жөнүндө угуп жүрчүбүз, бирок өтө коркунучтуу оору экенин билбептирбиз. Эми балдарыма айтам, бул жактан таратылган китепчелерди окутам”, - дейт ал.

Эхинококкоз адам үчүн өтө коркунучтуу, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат, эхинококкоз кистасы түрүндө пайда болот. Оору негизинен иттерден жана мышыктардан жугат. Иттер оорубаш үчүн квартал сайын аларга таблетка берип туруу керек. Эхинококкоз менен ооруган адамды, эгер ал убагында көрүнсө, дары менен айыктырууга болот. Бирок өтүшүп кетсе хирургиялык жол менен гана алынат.

Кыргызстанда жыл сайын миңдей адам эхинококкоз кистасын алдыруу үчүн хирургиялык операция кылдырат. Бул сандын өсүшү байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий