• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы 500 окуучуга эсептелген мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 65%га даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан ички жана сырткы шыбактар, полдорду байлоо, сантехникалык, жылытуу иштери жана терезе блокторун орнотуу жумуштары аяктады. Учурда ички жасалгалоо, сырткы дубалдарын жылуулоо жана желдетүү иштери жүрүп жатат.

Белгилесек, долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга бардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Эскерте кетсек, аталган объектинин курулушу 2020-жылдын апрель айында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен башталган. Бул объекттин сметалык наркы 1 230 986 АКШ долларын түзгѳн. Курулуш иштерин 2022-жылдын жазында бүткөрүү ландалууда.

Пикир

Оставить комментарий