• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү "Алтын тамга" тестирлөөсүнөн өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы талапкер бүтүрүүчүлөр өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучулар экиге топко бөлүнүп тестке катышууда. Биринчи топто жалпы 154 талапкер катышты.

Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Социалдык аралык сакталып, ар бир окуучуга акысыз беткап жана антисептиктер берилүүдө.

Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган. Талапкерлер тестти планшет аркылуу реалдуу режимде тапшырып, жыйынтыкты дароо алышат. Эч кандай талаш-тартыш жок, ачык-айкын өтүп жатат. Бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер ыраазычылыгын билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий