• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. УКМКнын Коррупциясы каршы күрөшүү кызматы тарабынан ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку вице-мэри А.М.К. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри көзөмөлгө алынган подрядчиктерди колдонуп, жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзүлгөн.

Иликтөөдө 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында A.M.K. колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, подрядчик компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштар толугу менен аягына чыккан эмес.

"Кечээ, 29-декабрда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.М.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы адамдар аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий