• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын күнү. Кантип майрамдалат жана эмнелер болот? – программа

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. “Ак-Кула” ат майданында 26-28-апрель күндөрү көк бөрү жана башка ат оюндары: ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш өтүп, спортчулар мэрдин Кубогуна ат салышат. Аталган иш-чара шаардын 141 жылдыгына арналат.

Көк бөрү боюнча беттешке Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 8 тайпасы катышат: “Көк-Жал”, “Четинди”, “Келечек”, “Бишкек”, “Төш-Булак”, “Кара-Балта”, “Келечек-Суусамыр” жана “Ак-Жол”.

Спорттук иш-чаранын байге фонду 700 миң сомду түзөт. Турнирдин жеңүүчү аталган командага 350 миң сом берилет. Оюндарга 18 жаштан өйдө спортчулар катыша алышат. Командалардын түзүмү 17 адамдан турат: (1 машыктыруучу, 1 жетекчи, 3 жылкычылар, 12 спортчу). Жеңүүчүлөргө: 2 упай, оюндан бирдей жыйынтык көрсөткөн командаларга 1 упай, жеңилип калгандарга 0 упай берилет. Баардык оюндар КРнын көк бөрү федерациясынын регламентинин алкагында өткөрүлөт.

Оюнга катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу 25-апрель күнү токтотулат. Ошол күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин “Ак-Кула” ат майданында катышуучу командалар ортосунда чучугулак тартылат.

Жеңүүчүлөргө байгелерди ыйгаруу 28-апрель күнү 15:30 дан 16:00го чейин өтөт.

Иш-чаранын программасы:

Көк бөрү:
- 26-апрель саат 10:00дөн 16:00гө чейин – тайпалык оюндар;
- 27-апрель саат 10:00дөн 14:00гө чейин –финалдын 1/8 бөлүгү;
- 28-апрель саат 10:00дөн 12:00гө чейин – жарым финалдык оюндар, ал эми 14:00дөн 15:30га чейин –финал;
- 28-апрель саат 12:00дөн 12:40га чейин – 19800 метр аралыкка ат чабыш (9 айлампа);
- 28-апрель саат 12:40тан 13:20га чейин – аралыкка жорго салыш (аралык 6600 метр-3 айлампа);
- 28-апрель саат 13:30дан 14:00гө чейин – аралыкка кунан чабыш (аралык 8800 метр - 4 айлампа).

Ат чабыш, Жорго салыш, Кунан чабыш ат оюдары боюнча байгелерди ыйгаруу ар бир оюндан кийин жүргүзүлөт.

Ат чабыш (Аламан байге)
1- орун – 300 миң сом;
2- орун – 80 миң сом;
3- орун – 60 миң сом;
4- орун – 50 миң сом;
5- орун – 40 миң сом;
6- орун - 30 миң сом;
7- орун - 20 миң сом.

Жорго салыш

1- орун – 250 миң сом;
2- орун – 100 миң сом;
3- орун – 60 миң сом;
4- орун – 40 миң сом;
5 - орун – 20 миң сом.

Кунан чабыш

1- орун – 90 миң сом;
2- орун – 50 миң сом;
3- орун – 30 миң сом;
4- орун – 20 миң сом;
5- орун – 10 миң сом.

Көк бөрү

1- орун – 350 миң сом;
2- орун – 200 миң сом;
3- орун – 100 миң сом;
4- орун – 50 миң сом.

Ат чабышка 14 жаштан улуу чабандестер жана 3 жаштан өйдө жылкылар катыштырылат.

Жорго чабышка ошондой эле 14 жаштан улуу чабандестер жана баардык тукумдагы жылкылар киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий